Түрк аба жолдору кайрадан Ливияга уча баштады

THY басма сөз кеңешчилигинен берилген  билдирүүгө караганда Митига эл аралык аэропортуна биринчи каттам кечээ ишке ашырылды.

2121784
Түрк аба жолдору кайрадан Ливияга уча баштады

Түрк аба жолдору (THY) Ливиянын борбор шаары Триполиге кайрадан уча баштады.

THY басма сөз кеңешчилигинен берилген  билдирүүгө караганда Митига эл аралык аэропортуна биринчи каттам кечээ ишке ашырылды.

Түрк аба жолдорунун коноктору 2024 - жылдын 28 - мартынан 31 - майына чейин 23 - марттан 15-майга чейин сатып алган билеттери менен Стамбулдан Триполиге 379 доллардан, Триполиден Стамбулга 299 доллардан башталган баадагы билеттерди ала алышат.  

Байрак ташуучу компания Триполиге жумасына 3 күн, шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү Boeing B737-78D үлгүсүндөгү учактар ​​менен каттайт.



Тектеш кабарлар