38 террорист жок кылынды

Ирактын түндүгүндө жана Сирияда акыркы бир жумада жүргүзүлгөн операцияларда 38 террорист жок кылынды.

2121606
38 террорист жок кылынды

Ирактын түндүгүндө жана Сирияда акыркы бир жумада жүргүзүлгөн операцияларда 38 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин басма сөз брифингинде түрк куралдуу күчтөрүнүн террорго каршы күрөшүнүн чечкиндүүлүк менен уланып жатканы билдирилди.

 ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ, ДЕАШ жана ФЕТО сыяктуу бардык террордук уюмдарга карата жүргүзүлгөн операциялар менен Ирактын  жана Сириянын түндүгү да болгон акыркы бир жумада 38 террористтин жок кылынгандыгы маалымдалды. 

1 - январдан бери жок кылынган террористтердин саны 646га жеткени, анын 268и Ирактын түндүгүндө, 378и Сириянын түндүгүндө экени белгиленди.

Бул апада Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу аймактардан качкан дагы бир ПКК террористинин Хабурдагы чек ара бекетине багынгандыгы билдирилди.

 



Тектеш кабарлар