Стамбул 2 айда 2,5 миллион туристти кабыл алды

Стамбулга келген чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,08 пайызга өстү.

2120505
Стамбул 2 айда 2,5 миллион туристти кабыл алды

Түркиянын туризмде алдыңкы шаарларынын бири Стамбул жылдын алгачкы 2 айында 2 миллион 457 миң 518 чет элдик туристти кабыл алды.

Маданият жана туризм министрлигинен берилген маалыматка караганда, январь жана февраль айларында Стамбулга келген чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,08 пайызга өстү.

Алгачкы 2 айда Түркияга келген 4 миллион 341 миң 606 чет элдик туристтин жарымын кабыл алган Стамбулду февраль айында көбүнчө орустар тандады.

Февраль айында Стамбулга Орусия Федерациясынан 138 миң 957, Германиядан 95 миң 465, Ирандан 75 миң 312, Англиядан 56 миң 430, Франциядан 48 миң 902, Сауд Арабиядан 43 миң 415 жана Америка Кошмо Штаттарынан 41 миң 472 киши келди.



Тектеш кабарлар