Гүлер : "Уюмдун кыймыл кылуу жөндөмдүүлүгүн жоготуу жерине алып келдик"

Министр Гүлер кечээ Кырыккаледе берген билдирүүсүндө түрк куралдуу күчтөрүнүн бир тараптан чек ара коопсуздугун түзүп, бир тараптан да террор менен күрөшүүдө чоң ийгиликке жетишкендигин баса белгиледи.

2120517
Гүлер : "Уюмдун кыймыл кылуу жөндөмдүүлүгүн жоготуу жерине алып келдик"

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер : «Өлкө ичинде жана чек ара тышында аткарылган  операциялар менен уюмдун кыймылдуулук жөндөмдөөлүгүн жоготуу жерине алып келдик»,- деди.

Министр Гүлер кечээ Кырыккаледе берген билдирүүсүндө түрк куралдуу күчтөрүнүн бир тараптан чек ара коопсуздугун түзүп, бир тараптан да террор менен күрөшүүдө чоң ийгиликке жетишкендигин баса белгилеп : «Өлкө ичинде жана чек ара тышында аткарылган операциялар менен уюмдун кыймылдуулук жөндөмдүүлүгүн жок кылуу жерине алып келдик. Ушундайча  өлкөбүздүн баарында коопсуздук жана тынчтык түзүлдү. Террор менен күрөшүү жана чек арабыздын коопсуздугун да күчтүү жана таасирдүү чаралар менен түзүп жатабыз. Ошондой эле көк мекенибиздеги укук жана кызыкчылыктарыбызды да чечкиндүүлүк менен коргоп жатабыз. Бул иштерибиз менен бир эле учурда көптөгөн географиялардагы коопсуздук, тынчтык жана ырааттуулукка олуттуу салым кошуудабыз»,-деди

Жергиликтүү жана улуттук коргонуу өнөр жайы продукциялары менен армиянын мүмкүнчүлүктөрүн дагы да жогорулаткандарын белгилеген Гүлер, Storm гаубицалары, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар, чабуул коючу учкучсуз учуучу аппараттар, учкучсуз учуучу аппараттар, TCG Анадолу кемеси жана абадан коргонуу системалары сыяктуу көптөгөн маанилүү продукциянын сунуш кылынганын айтты.

Акыркы болуп улуттук аскердик учак  КААНдын 21-февралда алгачкы учуусун ийгиликтүү ишке ашырганын эске салып : "Ушундайча Түркия азыр дүйнөдө өзүнүн согуштук учагын чыгара алган саналуу өлкөлөрдүн бири болду. Муну менен канчалык сыймыктансак аз»,- деди.



Тектеш кабарлар