Түркиянын Чыгыш менен Батышты байланыштырган геосаясий жолдордогу негизги ролу грек басма сөзүндө

«Прото Тема» гезити «Түркия кылымы» деген ат менен Өнүгүү жолу долбоору, Зангезур коридору жана Транс-Каспий жаратылыш газ линиясы тууралуу талдоо кабарын жарыялады.

2119886
Түркиянын Чыгыш менен Батышты байланыштырган геосаясий жолдордогу негизги ролу грек басма сөзүндө

Түркиянын Чыгыш менен Батышты байланыштырган геосаясий жолдордогу негизги ролу Грецияда кызуу темага айланды.

«Прото Тема» гезити «Түркия кылымы» деген ат менен Өнүгүү жолу долбоору, Зангезур коридору жана Транс-Каспий жаратылыш газ линиясы тууралуу талдоо кабарын жарыялады.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын үч негизги стратегиялык коридорго карай кадамдарын караган макалада «Эрдоган бул кадамдары менен тең салмактуулукту Түркиянын пайдасына буруп жатат» деген жорум көңүлдөрдү бурду.

Макалада «Тышкы иштер министри Хакан Фидан, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер жана Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) төрагасы Ибрахим Калындын Иракка болгон сапары «Өнүгүү жолу» долбоору үчүн жашыл жарык дегенди билдирет», деп айтылды.

Бул долбоор менен Ирактын Перс булуңундагы портунун Түркияга андан ары Европага туташа турганы баса белгиленди.

Зангезур коридорунун Азербайжанды Түркия менен байланыштыра турган долбоор экени белгиленди.

Зангезур коридору ишке ашырылса, Европаны Түркия аркылуу Кытай менен байланыштырары баса белгиленди.

Грек гезити Түркиянын Транскаспий жаратылыш газ куурундагы негизги ролуна да токтолду.

Түркия Түркмөнстан менен жаратылыш газы жана көмүр суутектери тармагында алдын ала кызматташуу келишимине кол койгону эске салынды.

«Бул үч долбоор менен Анкара өзүнүн геосаясий маанисин бекемдөөнү жана Чыгыштан Батышка альтернативалуу жолдорду түзүүнү максат кылууда»,деп түшүндүрүлдү.



Тектеш кабарлар