Эрдоган террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүккө басым жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Чорумда коомчулукка кайрылып, террор менен күрөшүүгө токтолду.

2120101
Эрдоган террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүккө басым жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, террорду булагында жок кылуу стратегиясы менен жүргүзүлгөн чек аранын ары жагындагы операциялардын чоң ийгилик менен уланып жатканын айтты.

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасы Эрдоган жергиликтүү шайлоо өнөктүктөрүн улантууда.

Эрдоган Чорумда коомчулукка кайрылып, террор менен күрөшүүгө токтолду.

«(Кээ бир Батыш өлкөлөрү) Сирияда террор коридорун түзүү аркылуу бизди курчап алгысы келип, анан ДЕАШты бизге багытташты»,-деп айткан Эрдоган:«Сирияда жүргүзгөн аскердик операцияларыбыз менен мекенибизди бөлүү пландарын жок кылдык. Терроризмди түп тамырынан бери булагында жок кылуу стратегиясын ишке ашырып, алардын ийиндерин талкаладык. Жана азыр террордук уюмдардын качууга жер издеп жатканын көрүп жатабыз»,-деди.

Президент Эрдоган:«Биз азыр куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар менен 300-350 километр алыстыкта ​​ чыккынчыларды аныктап, алардын таш-талканын чыгарып жатабыз. Бул күрөш биз жикчил террор балээсинен кутулмайынча уланат»,-деп айтты.

Терроризмге каршы күрөштөгү чоң ийгиликтерге көңүл бурган президент:«Эгерде кайсы бир башка мамлекет биз акыркы 10 жылда башыбыздан өткөргөн нерсени башынан өткөрсө, ал кыйрап калуудан кутула алмак эмес. Алар АКШ менен Европаны кошкондо мындай күрөшкө туруштук бере алышмак эмес», - деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар