THY Ливияга каттамдарын баштады
Ливиянын премьер-министри Абдулхамид Дибейбе бул тууралуу социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.
Түрк аба жолдору (THY) 10 жылдан кийин келерки аптада Ливияга каттамдарын баштайт.
Ливиянын премьер-министри Абдулхамид Дибейбе бул тууралуу социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.
Дибейбе: «Алхамдулиллах, болжол менен 10 жылдык тыныгуудан кийин THY келерки аптадан тарта Ливияга каттамдарын кайра баштайт»,-деп айтты.
THYнын Ливияга каттамдарын баштоосу өлкөсүндөгү ырааттуулуктун көрсөткүчү экенине көңүл бурган Дибейбе, бул кадамга салым кошкон жарандык авиация башкармалыгына жана өлкөдөгү бардык тиешелүү мекемелерге ыраазычылык билдирди.
THYнин башкы директору Билал Экши социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө: «Ливияга каттамдарыбыз башталып жатат. Аптасына 3 рейс аткарабыз. Билеттерибиз сатыла баштады»,-деди.
Тектеш кабарлар
Террор менен күрөш уланууда...
Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» операциясы аймагында ПКК/ЙПГга мүчө 3 террорист аныкталды.