Түркия Россияда болгон кол салууну айыптады

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш да Россиянын борбор шаары Москвадагы концерттик залда жарандарды бутага алган террордук кол салууну айыптады.

2119102
Түркия Россияда болгон кол салууну айыптады

Түркия Россиянын борбор шаары Москвадагы концерттик залда болгон террордук кол салууну айыптады. Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Москвадагы кол салууда каза болгондордун жана жаралангандардын санынын көп экендиги белгиленди. 

Билдирүүдө : "Бейкүнөө жарандарды бутага алган бул жийиркеничтүү террордук кол салууну катуу айыптайбыз. Орус элине жана орус өкмөтүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз",-  деп билдирилди.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш да Россиянын борбор шаары Москвадагы концерттик залда жарандарды бутага алган террордук кол салууну айыптады.

Куртулмуш, социалдык медиа эсебиндеги билдирүүсүндө : "Москвада бейкүнөө жарандарды бутага алган жийиркеничтүү террордук кол салууну катуу айыптайм жана орус өкмөтүнө жана орус элине көңүл айтам»,- деди.

Вице - президент Жевдет Йылмаз да террордук кол салууну айыптады. Йылмаз, социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө : "Дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, аны ким жасабасын, бейкүнөө адамдарды бутага алган терроризм адамзатка каршы кылмыш болуп саналат. Каза болгондордун жакындарына жана орус элине көңүл айтам жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм",- деди.  

Тышкы иштер министри Хакан Фидан да орус кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Москвадагы террордук кол салуудан улам көңүл айтты.

Фидан Лавровго Түркиянын Москвадагы террордук кол салууну айыптаганын, президент Режеп Таййип Эрдоган менен түрк элинин орус элине жана өкмөтүнө көңүл айтканын билдирди.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрага орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик да террордук кол салууну айыптады.

Түркиянын Москвадагы элчиси Танжу Билгич террордук кол салууга байланыштуу социалдык тармактагы баракчасында : "Москвада бейкүнөө жарандарды бутага алган террордук кол салууну катуу айыптайбыз жана орус элине жана орус өкмөтүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз»,-деди.

Россиянын борбор шаары  Москвадагы Crocus City Hall концерттик залына куралчан адамдар кол салышты.

Социалдык медиада бөлүшүлгөн сүрөттөр кол салгандардын залда туш келди ок такандыгын көрсөтсө, Россиянын  Федералдык коопсуздук кызматы алгачкы жыйынтыктарга караганда теракттан 40 кишинин каза болгонун, Россиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко да 115 кишинин жаралангандыгын 60 кишинин абалынын оор экендигин  жарыялады.

Россия Тергөө комитети да Москвадагы террордук кол салууларда  60тан ашуун кишинин каза болгондугу, каза болгондордун санынын көбөйүшү мүмкүн экендигин билдирди. 

 

 



Тектеш кабарлар