Эрдоган Моквадагы кол салууну айыптады

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) лидери Эрдоган «Улуу Анкара митингинде» коомчулукка кайрылды.

2119246
Эрдоган  Моквадагы кол салууну айыптады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Россиянын борбор шаары Москвадагы террордук кол салууну айыптады.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) лидери Эрдоган «Улуу Анкара митингинде» коомчулукка кайрылды. 

Эрдоган сөзүнүн башында кечээ Моквадагы концерттик залдагы террордук кол салуудан улам өлкө жана элдин атынан орус өкмөтүнө көңүл айтты. 

"Бейкүнөө адамдарды бутага алган бул террордук кол салууну катуу айыптайбыз",- деген президент : "Террор кимден келсе келсин, аткаруучусу ким болсо болсун кабыл алынгыс. Террордун  кандуу жүзүн абдан жакшы билген өлкө катары орус калкынын кайгысын эл катары мамлекет катары бөлүшөбүз. Адамзаттын орток душманы болгон террорго каршы күрөшүбүздү улантабыз",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар