Улуттук чалгындоо уюму операция жүргүздү

MİT 2016-жылы террордук уюмга кошулган «Толхилдан Кандил» каймана аттуу террористтин Кандил аймагындагы жерин аныктады.

2118122
Улуттук чалгындоо уюму операция жүргүздү

Улуттук чалгындоо уюму (MİT), жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын Иран жаштар координациясы боюнча жооптуусу Барзан Хесензадени Ирактын Кандил аймагына жүргүзгөн операциясы менен таасирсиз кылды.  

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда MİT 2016-жылы террордук уюмга кошулган «Толхилдан Кандил» каймана аттуу террористтин Кандил аймагындагы жерин аныктады.

Жикчил террордук уюмдун корбашчылары Жемил Байык жана Дуран Калкан менен байланышта экени да айтылган террорист Хесензаде операцияда таасирсиз кылынды.

Бул террористтин уюмга мүчөлөрдү тартуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзгөнү аныкталды.



Тектеш кабарлар