Хакан Фидан атомдук куралсыздандыруу чакыруусун кайталады

Хакан Фидан Эл аралык Атомдук энергия агенттиги (МАГАТЭ) жана Бельгия өкмөтү тарабынан Брюсселде ткөрүлгөн Биринчи Атомдук энергия саммитинде сөз сүйлөдү.

2118517
Хакан Фидан атомдук куралсыздандыруу чакыруусун кайталады

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркиянын ыктымалдуу атомдук курал жарышын алдын алуу үчүн аймактын атомдук куралсыздандыруу чакыруусун кайталады. 

Хакан Фидан Эл аралык Атомдук энергия агенттиги (МАГАТЭ) жана Бельгия өкмөтү тарабынан Брюсселде өткөрүлгөн Биринчи Атомдук энергия саммитинде сөз сүйлөдү. 

Жарандык атомдук энергиянын энергия коопсуздугу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдөгү ролунун тастыкталгандыгын белгилеген Фидан : "Түркия азыркы учурда  таза  энергия күн тартиби менен бекем бир энергия багыты жана  ресурстарды түрдөнтүү стратегиясын ишке ашырууда",- деди. 

Хакан Фидан Украинадагы Запорожье атомдук станциясындагы абалдын тынчсыздантуучу экендигин баса белгилеп: «Өлкөбүз жана аймагыбыз Чернобыль апаатын башынан өткөрдү, башкасына чыдай албайбыз»,-деди.

Түркиянын Запорожьеде да ушуга окшогон апаатты алдын алуу үчүн түрдүү демилгелерди көтөргөнүнө көңүл бурду.

Фидан атомдук курал колдонуунун же бул багытта коркутуулардын кабыл алынгыс экенине көңүл буруп, бул сүйлөшүүлөрдүн коопсуз жана энергия жагынан таза келечек үчүн орток изденүүгө көлөкө түшүргөнүнө көңүлдөрдү бурду.

 



Тектеш кабарлар