Газадан эвакуацияланган палестиналыктар Дохада жолугуштурулду
Катардын Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Түркия менен Катар, Израилдин Газага кол салууларында эвакуацияланган палестиналык жаралууларды Катардын борбор шаары Дохада жолугуштурду.
Катардын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Газа тилкесинде жарадар болгон палестиналыктардын Дохадагы жакындары менен жолугушуусу үчүн Түркия менен кызматташтыктын ишке ашырылганы белгиленди.
Билдирүүдө Газадан эвакуацияланган жаралуулардын бир бөлүгүнүн Түркияда, бир бөлүгүнүн да Дохада дарыланганы, Түркияда дарылануусу аяктаган жаралуулардын Дохага жеткирилип үй-бүлөлөрү менен жолугуштурулганы кабарланды.
Катардын эл аралык кызматташтык боюнча мамлекеттик министри Лулва ел-Хатир Катардын расмий кабар агенттиги QNAга берген маалыматында, жараланган палестиналыктардын Дохадагы туугандары менен кайрадан жолугушууларын камсыздаган кызматташтыгы үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.
Террорго каршы күрөш уланууда
Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.