Чанаккале деңиз жеңишине карата жетекчиликтин билдирүүлөрү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш, вице-президент Жевдет Йылмаз жана улуттук коргоо министри Яшар Гүлер өз билдирүүлөрүн жарыялашты.

2116850
Чанаккале деңиз жеңишине карата жетекчиликтин билдирүүлөрү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш: «Мындан 109 жыл мурда Чанаккаледе мекени, туусу жана азан үчүн шейиттикке чуркаган баатырларыбыздын ардактуу жана сыймыктуу жеңиши муундан-муунга сакталып, биздин сыймыгыбыз болот»,-деди.

Куртулмуш 18-Март Шейиттерди эскерүү күнү жана Чанаккале деңиз жеңишинин 109-жылдыгына байланыштуу жарыялаган билдирүүсүндө көз карандысыздык жана эркиндик үчүн күрөштүн бурулуш жерлеринин бири болгон бул күндүн, шейиттерге болгон чоң ыраазычылык менен эскерилгенин белгиледи.

Билдирүүсүндө: «Улутубуздун ынтымак жана биримдик рухунун эң сонун жана конкреттүү мисалдарынын бири болгон Чанаккале жеңиши да эрдиктин жана каршылыктын символу»,- деп өз баасын берген Куртулмуш: «Бул жеңиш бир гана аскердик ийгилик эмес, жети державага тең улуттук биримдигибиздин жана тилектештигибиздин жарыясы. Мындан 109 жыл мурда Чанаккаледе мекени, туусу жана азан үчүн шейиттикке чуркаган баатырларыбыздын ардактуу жана сыймыктуу жеңиши муундан-муунга сакталып, биздин сыймыгыбыз болот»,-деп айтты.

Вице-президент Жевдет Йылмаз социалдык медиа эсебинен жарыялаган билдирүүсүндө: «18-Март Чанаккале жеңишинин 109 жылдыгында мекенди өтпөс кылган Гази Мустафа Кемал Ататүрктү жана бардык баатыр шейиттерибизди урматтоо, таазим жана ыраазычылык менен эскеребиз»,-деди.

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер өз кайрылуусунда Чанаккале жеңишинин мүмкүн болбогон нерсеге жеткен, улуттук жана руханий баалуулуктар үчүн жанын аябаган баатырлардын дастаны экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар