Чанаккале деңиз жеңиши чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдө да белгиленди

18-Март шейиттер күнү жана Чанаккале деңиз жеңишинин 109-жылдыгынан улам көптөгөн өлкөлөрдө аземдер уюштурулуп, бир мүнөттүк унчукпай эскерилип, гвоздика гүлдөрү калтырылды.

2117003
Чанаккале деңиз жеңиши чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдө да белгиленди
baku canakkale zaferi.jpg
baku canakkale zaferi.jpg

Тарыхтын агымын өзгөрткөн Чанаккале дастанынын баатырлары бүткүл дүйнөдө эскерилди.

18-Март шейиттер күнү жана Чанаккале деңиз жеңишинин 109-жылдыгынан улам көптөгөн өлкөлөрдө аземдер уюштурулуп, бир мүнөттүк унчукпай эскерилип, гвоздика гүлдөрү калтырылды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы Гирне Кысык  шейиттер көрүстөнүндө азем өткөрүлдү.

Аземге президент Эрсин Татар жана Түркиянын Левкошадагы элчиси Метин Фейзиоглу да катышты.

Азербайжандын борбор шаары Бакудагы азем Түрк шейиттер көрүстөнүндө өткөрүлдү.

Грециядагы аземдин дареги Пирейдеги Түрк шейиттери көрүстөнү болду. Элчи Чагатай Эржиес: «Шейиттерибиздин жаркын элесин түбөлүккө калтырууну негизги милдетибиз деп эсептейбиз»,-деди.

Түркмөнстандын борбору Ашхабадда шейиттерди жана ардагерлерди урматтоо жана ыраазычылык менен эскеришти.

Салтанатка Түркиянын Ашхабаддагы элчиси Ахмет Демирок жана Түркмөнстанда иштеген түрдүү коомдук мекеме жана уюмдардын өкүлдөрү катышты. Унчукпай туруу жана гимндер аткарылгандан кийин шейиттерге Куран окулуп, дуба кылынды.

Бул маанилүү күндү Өзбекстанда түрк балдары өткөрүштү.

Ташкент элчиси Олган Бекар тарыхта алтын тамгалар менен калган Чанаккале жеңишинин өжөрлүк, ыйман жана чечкиндүүлүк менен бириккен элдин эмнеге жете аларын бүткүл дүйнөгө көрсөткөнүн баса белгиледи.

Кытайдагы азем Түркиянын Пекиндеги элчилигинде өттү.

Пекиндеги элчи Исмаил Хаккы Муса аземде сүйлөгөн сөзүндө: «Чанаккале, кыскача шейиттерибиздин жаркын элесине карата коомдук сезимталдыгыбыздын символу катары улут болуунун өзгөчөлүктөрүнүн монументалдуу кыскача баяны»,-деди.

Салтанаттуу иш-чара кино көрсөтүүдөн кийин аяктады.



Тектеш кабарлар