Бүгүн Чанаккале деңиз жеңишинин 109 жылдыгы...

Биринчи дүйнөлүк согушта 1915-жылы 18-мартта Осмон империясынын жеңиши менен аяктаган Чанаккале деңиз жеңиши ар жылдагыдай сыймыктануу менен белгиленүүдө.

2116785
Бүгүн Чанаккале деңиз жеңишинин 109 жылдыгы...
çanakkale_uygurca.jpg
canakkale zaferi.jpg
canakkale sehitlik.jpg
erdogan canakkale zaferi.jpg

Бүгүн Чанаккале деңиз жеңишинин 109 жылдыгы...

Биринчи дүйнөлүк согушта Осмон империясы Чанаккале (Дарданел) фронтунда улут катары бар болуу үчүн күрөшкөн.

Түрк тарыхынын бурулуш чекиттеринин бири болгон Гелиболу согуштары 1915-жылы 19-февралда Чанаккале кысыгындагы деңиз согушу менен башталган. 325 күнгө созулган Чанаккале согуштары 1916-жылы 9-январда түрк армиясынын жеңиши менен аяктаган.

1915-жылы 18-мартта Чанаккаледе жетишилген деңиз жеңиши Түркиянын келечеги үчүн бурулуш чекити болуп, Чанаккаледен ашып өтүүгө болбой турганын далилдеди.

Биринчи дүйнөлүк согушта 1915-жылы 18-мартта Осмон империясынын жеңиши менен аяктаган Чанаккале деңиз жеңиши ар жылдагыдай сыймыктануу менен белгиленүүдө.

Шейиттерди эскерүү күнү жана Чанаккале деңиз жеңишинин 109-жылдыгынан улам тарыхый Гелиболу жарым аралында азем өткөрүлүүдө.

Чанаккалени өтпөс кылгандар, душманга туруштук бергендер, бул жерди кийинки муундарга мекен кылгандар, өзгөчө Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк сыймыктануу, таазим жана ыраазычылык менен эскерилди.

18-Март шейиттерин эскерүү күнү жана Чанаккале деңиз жеңишинин 109-жылдыгына байланыштуу биринчи азем Жумурият аянтында өткөрүлдү.

Аземге улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, жарандык жана аскер кызматкерлери, ардагерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү менен Австралия, Жаңы Зеландия жана Англиянын миссия өкүлдөрү катышты.

Ататүрк эстелигине гүл чамбарлар калтырылды.

Андан соң улуттук коргоо министри Яшар Гүлер тарабынан Түркиянын желегине «Чанаккале өтүлгүс» деген жазуусу бар алтын медаль тагылды.

Тынчтык мүнөтүнөн кийин Улуттук гимндин коштоосунда түрк желеги көтөрүлдү.

Азем Чанаккале кысыгына казык түшүргөн TCG Бүйүкада корветинен 21 артиллериялык атуу менен аяктады.

Президент Режеп Таййип Эрдоган да Шейиттер эстелигинде 18-Март шейиттерин эскерүү күнүнө жана Чанаккале деңиз жеңишинин 109 жылдыгына арналган аземге катышты.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө:«Түркия кылымынын курулушунда Чанаккаледе жазылган дастандан үйрөнө турган абдан маанилүү сабактар ​​бар деп ойлойбуз. Ынтымагыбызды, биримдигибизди, бир туугандыгыбызды бекем коргогондо бизге жети күч келсе кыйрабай турганыбызды далилдеген Чанаккале руху ар дайым жолубузду жарык кылууну улантат»,-деди.



Тектеш кабарлар