Эрдоган Палестина жерлеринде чоң гуманитардык трагедия болуп жатканын айтты

Президент Эрдоган Стамбулдагы Халич конгресс борборундагы ифтар программасында сөз сүйлөп, ыйык Рамазан айынын кагылышуулар, гуманитардык трагедиялар жана кризистер күчөгөн азаптуу мезгилде өтүп жатканын белгиледи.

2116346
Эрдоган Палестина жерлеринде чоң гуманитардык трагедия болуп жатканын айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Палестина жерлеринде чоң гуманитардык трагедия болуп жатканын айтты.

Президент Эрдоган Стамбулдагы Халич конгресс борборундагы ифтар программасында сөз сүйлөп, ыйык Рамазан айынын кагылышуулар, гуманитардык трагедиялар жана кризистер күчөгөн азаптуу мезгилде өтүп жатканын белгиледи.

Биз ифтар кубанычын жакындарыбыз, үй-бүлөбүз жана туугандарыбыз менен бөлүшүп жаткан учурда Газада жана басып алынган Палестина жерлеринде сөздөр жетишсиз чоң бир гуманитардык трагедия болуп жатканын баса белгилеген Эрдоган: «Жада калса бир чөйчөк ысык тамак же бир ыстакан таза суу табуу да люкс болгон Газада адамзат үчүн өтө азаптуу жана уят күндөргө күбө болуп жатабыз»,-деди.

«Йемен, Сирия, Судан, Түркстан жана Ооганстан баш болгон жүрөгүбүз менен сезген дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчтарындагы боордошторубуз бул ыйык күндөрдө чындап оор сыноолорду баштан кечирүүдө»,-деп айткан Эрдоган адилеттүүлүк, тынчтык, тилектештик жана эзилгендер үчүн жардамдашуу мобилизациясы болуп көрбөгөндөй зарыл болгон мезгилде турганыбызды түшүндүрдү.

Рамазан айынын келиши менен бирге түрк улутунун Газага жана башка эзилген аймактарга жардамын арттырганын көрүүдөн кубанычын билдирген Президент: «Түркия жана түрк улуту катары кылымдар бою жасаганыбыз сыяктуу кыйынчылыкта тургандарга жардам көрсөтүүнү уланта турганыбыздын билинүүсүн каалайм»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар