Түркия Украинанын жеринин бүтүндүгүнө колдоосун кайталады

Тышкы иштер министрлиги «Крымдын мыйзамсыз аннексияланышынын 10 жылдыгына» байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

2116176
Түркия Украинанын жеринин бүтүндүгүнө колдоосун кайталады

Түркия Украинанын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигин колдой турганын кайталады. Тышкы иштер министрлиги «Крымдын мыйзамсыз аннексияланышынын 10 жылдыгына» байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

Билдирүүдө : "2014 - жылдын 16 - мартында өткөн мыйзамсыз референдумда Украинанын Крым Автономдук Республикасы Россия Федерациясы тарабынан аннексияланганына 10 жыл болду",- деп айтылды.

Түркиянын Крым татар түрктөрүнүн абалы башта болгон Крымдагы абалдарды жакындан иликтөөнү жана алдыңкылык берилген күн тартибинде кармоону уланта тургандыгы баса белгиленген билдирүүдө : "Эл аралык мыйзамын бузган бул абалды кабыл албаганыбызды жана Украинанын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигине болгон колдообузду кайталайбыз",- деп билдирилди. 

 



Тектеш кабарлар