ТИКАдан палестиналык үй-бүлөлөргө жардам

ТИКА 1000 үй-бүлөгө жеткирилиши үчүн Рамазан пакеттерин Палестинанын Фонддор жана Дин иштери боюнча министрлигине тапшырды.

2115726
ТИКАдан палестиналык үй-бүлөлөргө жардам

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА), Палестинанын ар башка шаарларындагы качкындар лагерлеринде жашаган 1000 үй-бүлөгө жеткирилиши үчүн Палестинанын Фонддор жана Дин иштери министрлигине Рамазан азык-түлүк пакеттерин тапшырды.

Израилдин окуппациясындагы Батыш Шериада көп жылдык басып алуу саясаттарынан улам келип чыккан социалдык-экономикалык кыйынчылыктар Газада 7-октябрда башталган согуштан кийин дагы да күчөп уланууда.

Согуштан кийин жумушсуздук жана жакырчылыктын өсүшү менен бирге Женин, Тулкарим, Калкилья, Тубас, Наблус жана Рамалла сыяктуу шаарларга өзгөчө бул шаарлардагы качкындар лагерлерине кысым жана кол салуулар да күч алууда.

ТИКА ар башка шаарлардагы качкындар лагерлеринде жашаган 1000 палестиналык үй-бүлөгө жеткирилиши үчүн суу май, томат пастасы, күрүч, ун, төө буурчак, жасмык жана кесме сыяктуу негизги азык-түлүктөрдөн турган Рамазан пакеттерин Палестинанын Фонддор жана Дин иштери боюнча министрлигине тапшырды.

Мындан тышкары, акыркы мезгилде кол салууларга дуушар болгон Аль-Амари качкындар лагери да Рамазан жардамынын алкагында зыярат кылынып, ал жердеги муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк пакеттери таратылды.



Тектеш кабарлар