Министр Хакан Фидан Бакуда

Хакан Фидан Ирактагы жолугушууларынан кийин Азербайжандын борбор шаары Бакуга барып Түркия-Азербайжан-Грузия үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин 9-жыйынында сөз сүйлөдү.

2115913
Министр Хакан Фидан Бакуда

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Түштүк Кавказда туруктуу тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышы үчүн тарыхый мүмкүнчүлүктүн пайда болгонун айтты.

Хакан Фидан Ирактагы жолугушууларынан кийин Азербайжандын борбор шаары Бакуга барып Түркия-Азербайжан-Грузия үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин 9-жыйынында сөз сүйлөдү.

Фидан Түштүк Кавказда туруктуу тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуунун аймак үчүн гана эмес, глобалдык коопсуздук жана байланыш үчүн да өтө маанилүү экенин баса белгилеп: «(Азербайжан менен Армениянын ортосундагы) 2-Карабак согушу аяктаган 2020-жылдын ноябрынан бери бул максатка жетүү үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк жаралганына ишенебиз»,- деди.

Хакан Фидан аймак өлкөлөрүнүн «Win-Win» түшүнүгү менен Зенгезур линиясы сыяктуу аймактык жана глобалдык байланыш долбоорлоруна колдоо көрсөтүүлөрүн күтүшкөндөрүн айтты.  

Газада чукул ок атышпоо чакырыгын дагы бир жолу кайталаган Тышкы иштер министри Фидан, ыйык Рамазан айында дагы деле газалыктарды ачарчылык жана эпидемия менен бетме-бет калтырган Израилдин зулумунун токтотулушу чакырыгын салды.   

Хакан Фидан Бакуда Азербайжандын вице-президенти Хикмет Хажыев, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана Грузиянын тышкы иштер министри Илия Дарчиашвили менен өз-өзүнчө жолугушту.

Бакудагы жолугушууларынын алкагында кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды да өткөрө турган Фидандын 11-Глобалдык Баку форумуна катышары күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар