Министр Гөкташ Түрк үйүндө аял лидерлер менен жолугушту

Үй  - бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ миңдеген бала жана аялдарк аза болгон Газадагы кыргынды дароо токтотуу  чакыруусун кайталады.

2115301
Министр Гөкташ Түрк үйүндө  аял лидерлер менен жолугушту

Үй  - бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ миңдеген бала жана аялдар каза болгон Газадагы кыргынды дароо токтотуу  чакыруусун кайталады. 

Министр Гөкташ АКШнын Нью  -  Йорк шаарындагы Түрк үйүндө өткөрүлгөн "Түрк жана чет элдик аял лидерлер жана Жарандык коом уюмдарынын төрайымдарынын жолугушуусуна" катышты. 

Министр Гөкташ аял ишкерлердин көбөйүшү үчүн ташталган кадамдардын маанисин баса белгиледи. 

Аялдардын ишкердигин аялдардын жумуш менен камсыздалышы жактан бир иш модели катары көргөндөрүн баса белгилеген Гөкташ : "Түркияда 1012  жаңы аялдар кооперативинин түзүлүшүнө колдоо көрсөттүк. Илим, технология жана инженерия тармактарында катышуусун арттырган аялдар санариптик технологиялар жана инновацияда алдыга чыгып,  Түркиянын глобалдык атаандаштыктагы ордун бекемдөөдө",-  деди.

Гөкташ сөзүндө Газадагы кыргындын тез арада бүтүшү керектигин да баса белгиледи.

Бир тараптан Аялдар жана Демократия Фонду да  (KADEM) бүгүн Нью-Йоркто Газадагы адамзаттык трагедияга байланыштуу маанилүү иш-чара уюштурат.

Аялдар жана Демократия Фондунун төрайымы Салиха Окур Гүмрүкчүоглу : "5 айдан ашуун убакыттан бери Газада кыргын болуп жатат. Азыркы учурда март айында аялдар күнүн белгилеп жатабыз, белгилегенге аракет кылып жатабыз бирок палестиналык аялдардын көпчүлүгү каза болду. 9 миңге жакын аял азыркы учурда жашабайт. Биз да буга көңүлдөрдү буруу жана ал аялдардын нүн болуу үчүн Таймс аянтындагы Аялдар жана Демократия Фондунун командасы катары пресс  - жыйын жана митинг өткөрөбүз",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар