Йылдырым: «Газада болгон окуялар эл аралык тартиптин абийир жагынан бытырандылыгын ачыкка чыгарды»

Түрк Мамлекеттер Уюмунун (TDT) Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым Азербайжандын борбор шаары Бакуда 68 өлкөдөн 400 катышуучу катышкан 11 - Глобалдык Баку форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.

2115605
Йылдырым: «Газада болгон окуялар эл аралык тартиптин абийир жагынан бытырандылыгын ачыкка чыгарды»

Түрк Мамлекеттер Уюмунун (TМУ) Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым, Газада болгон окуялардын азыркы эл аралык тартиптин моралдык жана абийир жагынан бытырандылыгын ачыкка чыгарды.

Йылдырым Азербайжандын борбор шаары Бакуда 68 өлкөдөн 400 катышуучу катышкан 11 - Глобалдык Баку форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.

Йылдырым глобалдык жана аймактык чакырыктардын күчөшү менен эл аралык системанын бул чакырыктарга жетиштүү түрдө жооп бере албаган чачыранды жана тартипсиз көрүнүшүнүн бүткүл дүйнөдө бытыранды имидждин пайда болушуна себеп болгонун айтты.

Йылдырым Орусия-Украина согушуна байланыштуу : «Бул согуш аймагыбызда жана анын тышында барган сайын оор адамдык жана материалдык зыянга алып келүүдө. Тынчтыкты камсыз кылуу үчүн тараптарды жакындаштыруунун жолдорун тез арада табуу керек. Түркия маселени тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылууда»,-деди.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы көйгөйлөргө да токтолгон Йылдырым: «Түштүк Кавказ татыктуу болгон тынчтык, коопсуздук жана бакубатчылыкка жетиши үчүн аймактагы бардык өлкөлөр конструктивдүү жана натыйжага багытталган иштерди жүргүзүшү керек. Карабах баскынчылыктан арылды. Азыр биз аймакта тынчтыкка жакындап калдык»,-деп айтты.

Йылдырым Израилдин Газага кол салууларына байланыштуу : «Газада болуп өткөн окуялар азыркы эл аралык тартиптин адеп-ахлактык жана абийир жагынан майдаланганын көрсөтүп турат. Эл аралык коомчулук бул геноцидди жана этникалык тазалоону токтотушу керек. Эгер токтотулбаса адамзаттын түбүнө жетет»,-деди.

Йылдырым эл аралык системанын азыркы чачыранды көрүнүшүнө чечим таба албаганын, көп уюлдуу түзүлүшүнүн дүйнөнүн майдалануусун дагы да тереңдеткенин белгиледи.

Аймактык кызматташтыктын эч качан болуп көрбөгөндөй актуалдуу муктаждыкка айланганын баса белгилеген Йылдырым Түркия жана Азербайжандын демилгеси менен башталган «3+3 аймактык кызматташтык платформасы» менен TМУну мисал катары көрсөттү.



Тектеш кабарлар