Иракта коопсуздук боюнча саммит өттү

Декабрь айында Анкарада өткөн коопсуздук саммитинин экинчиси Ирактын борбор шаары Багдадда өттү.

2115632
Иракта коопсуздук боюнча саммит өттү

Ирактын борбор шаары Багдадда тышкы иштер министри Хакан Фидан, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер жана Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) төрагасы Ибрахим Калындын катышуусунда коопсуздук саммити өткөрүлдү.

Ирактын расмий өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын күн тартибинде терроризм менен күрөшүү, коопсуздук жана аскерий кызматташтык маселелери орун алды.

Декабрь айында Анкарада өткөн коопсуздук саммитинин экинчиси Ирактын борбор шаары Багдадда өттү.

Террор менен күрөшүүдө орток түшүнүктүн калыптанышы жана бул багытта таштала турган конкреттүү кадамдар талкууланды.

Иракта террордук уюм ПККны жеңүү процесси уланып жатканда, Түркия Өнүгүү жолу долбоору менен Багдад менен карым-катнаштарын дагы өнүккөн баскычка чыгарууну пландоодо. Бул долбоордун ишке ашырылышы менен Ирактын Перс булуңунан Түркияга түз созулган соода жолу түзүлөт.

Бир тараптан президент Режеп Таййип Эрдогандын апрель айында Иракка барышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар