Эрдоган: «Израилге эң катуу каршы чыккан өлкөлөрдүн арасында болдук»

Президент Эрдоган Мардинде жергиликтүү шайлоо иш-чараларынын алкагында өткөрүлгөн митингде сөз сүйлөдү.

2115083
Эрдоган: «Израилге эң катуу каршы чыккан өлкөлөрдүн арасында болдук»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Палестинага эң көп колдоо көрсөткөн жана Израилге биринчи күндөн бери эң катуу каршы чыккан өлкөлөрдүн бири болгонун айтты.

Президент Эрдоган Мардинде жергиликтүү шайлоо иш-чараларынын алкагында өткөрүлгөн митингде сөз сүйлөдү.

Эрдоган мусулмандар катары бул ыйык Рамазан айында биримдик жана ынтымак сезимин жүрөктөрдө көбүрөөк сезгендерин баса белгиледи.

Газа баш болгон аймактагы кагылышуулардан улам Рамазанга кайгы менен киргендерин белгилеген Эрдоган:«Коңшубуз Сирия 13 жылдан бери бейпилдик менен тынчтыкты эңсеп келет. Иракта этникалык жана секталар аралык тирешүүлөр уланууда. Буларга террор мамлекети Израилдин Газага ырайымсыз кол салуулары да кошулду»,-деп айтты.

Түркия биринчи күндөн бери Палестинага эң көп колдоо көрсөткөн жана Израилге эң катуу каршы чыккан өлкөлөрдүн бири болгонун белгилеген Эрдоган:«Газага кеме жана учактар ​​менен 40 миң тоннадан ашык жардам жөнөттүк. Бүгүнкү күнгө чейин 900дөн ашык рак менен ооруган палестиналык бир туугандарды жана алардын үй-бүлөлөрүн өлкөбүзгө алып келдик»,- деди.

«Палестиналык боордошторубуз Түркиянын Палестина доосуна болгон күчтүү колдоосуна күбө»,- деп айткан Президент өз сөзүндө Газанын эзилген калкынын Түркиянын туура жана кыраакы позициясын абдан жакшы билегенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар