Али Эрбаш Эл аралык медиа жана исламофобия форумунда сөз сүйлөдү

Эрбаш, Батышта Исламга каршы жана душмандык көрүнүштөргө барган сайын көбүрөөк туш болушкандарын баса белгиледи.

2115559
Али Эрбаш Эл аралык медиа жана исламофобия форумунда сөз сүйлөдү

Дин иштери боюнча төрага Али Эрбаш, маалымат каражаттарынын Батыш дүйнөсүндө Исламга жана мусулмандарга каршы жек көрүү сөздөрүнүн терс түшүнүктөрдү жана жүрүм-турумдарды пайда кылууда, ошондой эле жайылтууда эң таасирдүү факторлордун бири экенин айтты.

Эрбаш борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн 4-Эл аралык медиа жана исламофобия форумунда сөз сүйлөдү.

Эрбаш, Батышта Исламга каршы жана душмандык көрүнүштөргө барган сайын көбүрөөк туш болушкандарын баса белгиледи.

Батышта уланып жаткан дискриминация, психологиялык кысым жана физикалык кол салууларда медианын чоң роль ойногонун айткан Эрбаш: «Виртуалдык коркуу өндүрүш механизмине айланган медиа аркылуу бурмаланган Ислам имиджинин алкагында мусулмандарга каршы жүргүзүлгөн жат жана расисттик иш-аракеттер токтобой уланууда»,- деди.

Күн тартиби медиа каражаттары аркылуу аныкталып, өндүрүлгөн жаңы концепцияларга жаңы маанилердин берилгенин билдирген Эрбаш: «Бүгүнкү күндө Батыш дүйнөсүндө Исламга жана мусулмандарга карата жек көрүү сөздөрүнүн терс кабылдоолорду жана жүрүм-турумдарды пайда кылуу, ошондой эле жайылтуудагы эң эффективдүү факторлордун бири ММКлар болуп саналат. Учурда виртуалдык дүйнөнүн модераторлору зордук-зомбулукту жандуу жана эффективдүү кылуу үчүн интернетти жана социалдык медианы динамикалуу түрдө колдонушууда»,-деп айтты.

Ислам дининин ар бир жандыкка мээримдүүлүк менен мамиле кылууну жашоонун негизги принциби деп белгилегенин эске салган Эрбаш, динине, тилине, расасына, жынысына карабастан ар-намыстуу жана коопсуз жашоонун бардык адамдардын эң негизги укугу экенин айтты.



Тектеш кабарлар