Тышкы иштер министринин орун басары Эрдогандын Иракка барарын билдирди

Тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Йылдыз президент Режеп Таййип Эрдогандын апрель айынын аягына чейин Иракка бара тургандыгын билдирди.

2114508

Ирактын борбор шаары Багдадга барган Йылдыз ирактык жетекчилер менен жолугушууларды өткөрө турганын билдирди.

Өнүгүү жолу долбоорунун маанисине токтолгон Йылдыз : "Түркия жана Ирак аркылуу курула турган Өнүгүү жолу чоң муктаждыкты камсыздайт. Түркия чоң экономика жана Европага коңшу.  Ирак да чоң экономика болгон, буюрса кайра ушундай болот. Эки өлкө тең каалайт жана аткарылганда   чыгымдары менен салыштырууга болбой турганчалык пайда алып келерин ойлоп жатабыз".

Йылдыз президент Эрдогандын апрель айынын  аягына чейин Иракка бара тургандыгын да айтты. 

Тектеш кабарлар