Министр Фидандын сүйлөшүүлөрү
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Фидан катарлык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү.
2114582
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри шейх Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани менен Газадагы акыркы абалды талкуулады.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Фидан катарлык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүдө Газадагы акыркы кырдаал, гуманитардык абал жана ок атышпоону камсыздоо демилгелери каралды.
Министр Фидан борбор шаар Анкарага келген Куба Республикасынын вице-премьер-министри Рикардо Кабрисас Руиз менен да жолугушту.