Багдадда террор менен күрөшүү боюнча саммит

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер жана Улуттук чалгындоо уюмунун  төрагасы Ибрахим Калын террор менен күрөшүүдө кызматташуу темасында сүйлөшүү үчүн эртең Ирактын борбор шаары Багдадга барат.

2115013
Багдадда террор менен күрөшүү боюнча саммит

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер жана Улуттук чалгындоо уюмунун  төрагасы Ибрахим Калын террор менен күрөшүүдө кызматташуу темасында сүйлөшүү үчүн эртең Ирактын борбор шаары Багдадга барат.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели, Тышкы иштер министрлигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында эртең Багдадда боло турган Түркия-Ирак коопсуздук саммитинде коопсуздук жана аскердик кызматташтык темаларынын  күн тартибинде болорун айтты.

Кечели террор менен күрөшүүдө «орток түшүнүүнүн өнүктүрүлүшү» жана бул багытта ташталышы мүмкүн болгон конкреттүү кадамдардын да столдо боло турганын белгиледи.

Өнжү Кечели акыркы саммитте жасалган жана «ПККнын эки өлкө үчүн да коркунуч» деп аныкталган билдирүүнү эске салып, террордук уюм ПККнын Ирак мекемелери тарабынан биргелешкен коопсуздук коркунучу катары аныкталышын «Ирак тарабында  ПККга каршы күрөш өнүгө башташынын далили»,-деди.

Бир тараптан Кечели Иракта жаратылыш газ булактарын өнүктүрүү жана эл аралык базарларга жеткирүү үчүн энергетика темасында сүйлөшүүлөрдүн болоорун айтты.

Кечели Ирак - Түркия мунай куурунун бир канча убакыттан бери жабык экендигин эске салып : «Бул куурдан өткөрүүнүн баштала аларын, биз үчүн маселе эмес экендигин өткөн октябрь айында айтканбыз. Бирок Ирак тарабынын азырынча өткөрүүгө даяр эмес экенин түшүнөбүз»,- деди.

Кечели Иракта бардык тараптардын өз ара диалог жана түшүнүшүүнүн алкагында келишимге жетишин жана куурга жөнөтүүнүн эң кыска убакытта башталаарынан үмүт кылгандарын белгиледи.

Кечели «7-Түркия-АКШ стратегиялык механизм жыйынынын» алкагында АКШга болгон сапарына да токтолуп : "Террор менен күрөшүү тармагында АКШга абдан ачык билдирүүбүз болду. Аларга ПКК/ЙПГ жана ФЕТОго байланыштуу күтүүлөрүбүздү ачык айттык. Бир тууган өлкөнүн террордук уюмдар менен кызматташуусу эч качан кабыл алынгыс экенин айттык»,- деди.



Тектеш кабарлар