Түрк аба жолдорунун жаңы бренди "AJet" билеттерин сата баштады

AJet 31-марттан тарта учуп аба жолу тажрыйбасын дагы заманбап, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылууну максат кылууда.

2114349
Түрк аба жолдорунун жаңы бренди "AJet" билеттерин сата баштады

Түрк аба жолдорунун (THY) жаңы бренди «AJet» расмий сайты «ajet.com» аркылуу билеттерин сатууну баштады.

31-марттан тарта учуп аба жолу тажрыйбасын дагы заманбап, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылууну максат кылган AJet, ушул жылдын жай мезгилинде курамындагы 95 учак менен ички каттамдарда 41, эл аралык каттамдарда 52 жерге жалпы 93 багытка рейс жүргүзөт.

Глобалдык өсүү максаты катары 10 жыл ичинде курамындагы 200 учак менен жалпысынан 44 өлкөгө учууну пландаган Ajet, дүйнөлүк стандарттарда арзан баадагы авиакомпанияга айланат жана рыноктогу атаандаштык позициясын дагы да бекемдейт.



Тектеш кабарлар