Террор менен күрөш, Ирак менен кызматташуу

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндө жүргүзгөн операциялардын Ирактын коопсуздук бөлүктөрү менен жакын координация ичинде ишке ашырылгандыгы белгиленди.

2114356
Террор менен күрөш, Ирак менен кызматташуу

Түрк жана ирактык жетекчилер чек ара коопсуздугу тууралуу жыйын өткөрдү.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндө жүргүзгөн операциялардын Ирактын коопсуздук бөлүктөрү менен жакын координация ичинде ишке ашырылгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө 2 -  армиянын командири, генерал Метин Токел жана коштоосундагы делегациянын ирактык жетекчилер менен чек ара коопсуздугу жыйынын өткөргөндүгү белгиленип : «Чеңгел  - Кулпу операциясы аймагынын чектеринин ичинде ирактык жергиликтүү жетекчилер менен өткөрүлгөн жыйында Ирак  - Түркия чек ара линиясынын коопсуздугу каралды, Ирак жарандарынын коопсуздугун күчөтүү тууралуу чаралар да сөз болду»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар