Министр Гүлер: "Ирактагы террорду быйыл жайда бүтүрөбүз"

Яшар Гүлер борбор шаар Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2113770
Министр Гүлер: "Ирактагы террорду быйыл жайда бүтүрөбүз"

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, Ирак чек арасындагы террорду бул жайда биротоло чече тургандарын айтты.

Яшар Гүлер борбор шаар Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Гүлер Ирак менен Сирия чек арасында 30-40 километр ичкериде коопсуздук коридорун түзүү чечкиндүүлүгүнүн так экенине басым жасады.

Улуттук коргоо министри, «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагындагы жикчил террордук уюм ПККга таандык ар кандай курал-жарак жана жан сактоо буюмдары менен жабдылган үңкүрлөрдүн бир-бирден талкаланып жатканын кабарлады.

Кандилге ыктымалдуу аскердик операцияга да токтолгон Гүлер: «Кандилдин кээ бир жерлеринде террористтердин бар экенин билебиз. Жер аттары биз үчүн маанилүү эмес. Террорчулар кайда уя салса, түрк аскерлери зарыл болгонду жасайт»,-деди.

Министр Гүлер акыркы мезгилде Багдад бийлиги менен улантылган жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө да токтолуп, Иракта түзүлө турган 'биргелешкен операция борборунун' кайрадан күн тартибинде экенин жарыялады.

Улуттук коргоо министрлигинде да коопсуздук жыйыны өткөрүлдү.

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, тышкы иштер министри Хакан Фидан жана Улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Ибрахим Калын Улуттук коргоо министрлигинде жолугушту.



Тектеш кабарлар