Челиктин Нетаньяху башкаруусуна каршы чыгуусу

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик социалдык медиа эсебинен билдирүү жарыялады.

2113309
Челиктин Нетаньяху башкаруусуна каршы чыгуусу

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик (Израилдин премьер-министри Беньямин) Нетаньяху башкаруусунун президент Режеп Таййип Эрдоган жана Түркияга карата жасаган билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү.

Челик социалдык медиа эсебиндеги билдирүүсүндө төмөнкү сөздөргө орун берип:«Нетаньяху башкаруучулугу менен бейкүнөө адамдардын өмүрүн биргелешип бутага алган кыргын желесинин президентибиз Режеп Таййип Эрдоган жана Түркияга карата жасаган билдирүүлөрү жараксыз.

Глобалдык абийир Нетаньяху башкаруусунун аймактык жана дүйнөлүк тынчтыкка тийгизген коркунучун айыптайт.

Биз Израилдин адамзатка каршы кылмыштарын ар бир платформада билдирүүнү улантабыз. Биз канкорлорду жоопко тартуу үчүн күрөшүбүздү улантабыз», - деди.



Тектеш кабарлар