Алтун: «Нетаньяхунун негизсиз айыптоолорунан майнап чыкпайт»

Алтун социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө бейкүнөө жарандарга кылынган кыргындарды жашыра турган эч кандай калп, жалган маалымат жана алдамчылык жок экенин белгиледи.

2113225
Алтун: «Нетаньяхунун негизсиз айыптоолорунан майнап чыкпайт»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Израилдин премьер-министри Нетаньяхунун кылмыштарын жаап жашыруу үчүн Түркияга акаарат кылганын белгилеп: «Анын калптары, алдамчылыктары, жалган жалаалары жана күн тартибин өзгөртүү аракетинен майнап чыкпайт»,-деди.

Алтун социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө бейкүнөө жарандарга кылынган кыргындарды жашыра турган эч кандай калп, жалган маалымат жана алдамчылык жок экенин белгилеп: «Тарых аны (Нетаньяху) биздин аймакты да, өз өлкөсүн да апаатка сүйрөгөн лидер катары жазып койгон»,-деп билдирүү жасады.

Нетаньяхунун абийирсиз согуш кабинети дүйнөлүк державалардан канчалык колдоо көрсө да, аймактын тынчтык жана ырааттуулук үмүтүн үзгөн, толугу менен ийгиликсиз лидер катары тарыхта калаарын белгилеген Алтун: «Палестиналыктар Нетаньяху жана анын өкмөтү жүргүзгөн этникалык тазалоодон улам абдан азап тартышты жана абдан азап тартышууда. Биз бул саясаттарга болгон күчүбүз менен каршы турууну улантабыз. Анын калптары, алдамчылыктары, жалган жалаалары жана күн тартибин өзгөртүү аракети эч натыйжа бербейт.

Түркия катары президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Палестинада чындыкты, адилеттүүлүктү жана колонизаторлуктун жок кылынышын чечкиндүү түрдө колдойбуз. Адилеттүү жана акыркы чечим болоруна ишенген эки мамлекеттүү чечим үчүн иштөөнү улантабыз. Палестиналык бир туугандарыбыз менен толук тилектештикти улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар