Куртулмуш айымдарды 8-Март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш социалдык медиа эсебинен куттуктоосун бөлүштү.

2112892
Куртулмуш айымдарды 8-Март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш айымдарды 8-Март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн Нуман Куртулмуш: «Барлыгы, позициясы, аракети, көрөгөчтүгү, берилгендиги жана кайраттуулугу менен келечекти көтөргөн, жашоонун бардык тармагында чексиз сүйүүсү жана боорукердиги менен үмүттү бекемдеген бардык айымдарды 8-Март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайм», - деди.

Палестиналык аялдарды да билдирүүсүнө кошкон Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы: «Балдарын жана мекенин түгөнгүс үмүт менен коргогон палестиналык аялдардын адилеттүү күрөшү адамзаттын ойгонушуна себепчи болот деп үмүттөнөм»,-деп айтты.

Куртулмуш жазуусун «Бардык ишенимдүү, баатыр аялдарга чексиз ыраазычылык менен» деп бөлүштү.



Тектеш кабарлар