Фидан АКШда Салливан менен жолугушту

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен жолугушуп, актуалдуу бир топ теманы талкуулады.

2112606
Фидан АКШда Салливан менен жолугушту

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливанга Газа тилкесинде ок атышпоонун тез арада жарыяланышы керектигин айтты.

Сүйлөшүүлөр үчүн АКШга барган Хакан Фидан, борбор шаар Вашингтондо жолуккан Жейк Салливан менен Израиль менен Хамастын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө жетишилген жерге баа берип, Газада ок атышпоонун тез арада жарыяланышы жана аймакка келген гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүү керектигин айтты.

Жыйында эки жылдан ашып кеткен Орусия-Украина согушунун мындан ары да созулбашы жана маселенин «Украинанын аймактык бүтүндүгү жана саясий бүтүндүгүнүн алкагында» чечилиши керектиги айтылды.

Түркия тараптын Сириядагы террордук уюмдарга каршы күрөшүү чечкиндүүлүгү баса белгиленген жыйында, бу темада АКШнын шериктештик рухуна ылайык иш алып баруусу жана жикчил террордук уюм ПККнын уландылары менен карым-катнаштарын үзүшү керектиги белгиленди.

Жолугушууда Ирактагы саясий ырааттуулукка маани берилгени да айтылып, бул жерде «уяланган террордук уюмдар» менен күрөшүү маселеси талкууланды.

Жолугушууда ошондой эле Азербайжан-Армения тынчтык жараянына колдоо көрсөтүлүп, бул жерде жасала турган жылыштар Кавказдын гүлдөп өсүшү үчүн чечүүчү болоору айтылды.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Вашингтондо АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Бенжамин Кардин жана комитет мүчөсү сенаторлор менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар