Түркияга келген инвестициянын көлөмү

Президенттиктин Инвестиция кеңсесинин төрагасы Бурак Даглыоглу Эл аралык инвесторлор коому тарабынан уюштурулган 43-Кезектеги жалпы жыйында сөз сүйлөдү.

2111532
Түркияга келген инвестициянын көлөмү

Президенттиктин Инвестиция кеңсесинин төрагасы Бурак Даглыоглу: «Түркия 2003-жылдан бери 262 миллиард доллар инвестиция тарткан өлкө»,-деди.

Даглыоглу Эл аралык инвесторлор коому тарабынан уюштурулган 43-Кезектеги жалпы жыйында сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын 2003-жылы киши башына улуттук кирешеси 3 миң доллар болгон орто-төмөн кирешелүү өлкөлөрдүн арасында болгонун айтты.

Даглыоглу: «Азыр калктын жан башына улуттук кирешеси 13 миң доллар менен орто кирешелүү өлкөлөрдүн катарына кирет. Түркия ошол кезде дүйнөлүк соодада 0,005 пайыздан бир аз көбүрөөк үлүшү бар өлкө болсо, азыр 1,1 пайыздан ашкан экспорттун үлүшү менен реалдуу шартта да үлүшүн көбөйткөн абалда»,-деп айтты.

Даглыоглу Түркиянын да 2003-жылдан бери 262 миллиард доллар инвестиция тарткан өлкө экенин айтты.



Тектеш кабарлар