Министр Фидан АКШга барат
Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
2111770
Тышкы иштер министри Хакан Фидан 7-8-март күндөрү расмий сапар менен Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) барат.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Министрибиз 2024-жылдын 7-8-мартында АКШга расмий иш сапары менен барат. Бул сапар учурунда Түркия-АКШ стратегиялык механизм жыйыны өткөрүлөт. Министрибиз ушул алкакта америкалык кесиптеши Энтони Блинкен менен жолугуп, эки тараптуу карым-катнаштарыбыз менен бирге аймактык жана глобалдык маселелер боюнча пикир алмашуусу көздөлүүдө»,-деп айтылды.