Аясофия мечити Рамазан айына даярданууда
Рамазан айынан улам Аясофияда зыярат сааттары да жаңыланды.
Стамбулдагы Аясофия мечити 11 айдын султаны Рамазанга даярданууда.
Биринчи таравих намазы 10-мартта окула турган Рамазан айына өлкө боюнча мечиттерде акыркы даярдыктар көрүлүүдө.
Анын алкагында Аясофия мечитинде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Мечиттеги килемдер жана мрамор бөлүктөр тазаланды.
Тазалоо иштеринен кийин Ыспартадан алынып келинген атайын роза суусу Аясофия мечитине чачылды.
Рамазан айынан улам Аясофияда зыярат сааттары да жаңыланды.
Адатта Түркия убактысы боюнча саат 22.00гө чейин ачык болгон тарыхый мечитке 9-апрелде аяктай турган Рамазан айында 24 саат бою зыярат кылууга болот.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде жасаган билдирүүсү.
Президент Эрдогандын 1-Майга карата билдирүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Майга карата билдирүүсүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.