Анталья дипломатиялык форуму улантылууда

Анталья дипломатиялык форуму 147 өлкөдөн 19 мамлекет башчысы жана 73 министрдин катышуусунда экинчи күнүндө да уланууда.

2109983
Анталья дипломатиялык форуму улантылууда

Анталья дипломатиялык форуму 147 өлкөдөн 19 мамлекет башчысы жана 73 министрдин катышуусунда экинчи күнүндө уланууда.

Форумда өткөрүлгөн сессияларда глобалдуу темалар талкууланат.

Анталья дипломатия форуму быйыл үчүнчү жолу «Кризистик доордо дипломатияны баса белгилөө» деген темада өткөрүлүүдө.

Форумдун экинчи күнүндө дипломатияга багыт бере турган панелдер өткөрүлүп, маанилүү маселелер талкууланууда.

Сессиялардын алкагында бүгүн «Эл аралык соода, байланыш жана өз ара көз карандылык» аттуу тегерек стол жыйынына вице-президент Жевдет Йылмаз да катышты.

Жыйынга Ирактын тышкы иштер министри Фуат Хусейн жана Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян да катышууда.

Президент Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын жетекчилигинде «Жогорку деңгээлдеги аялдар, тынчтык жана коопсуздук» сессиясы да өткөрүлөт.

Жаштар, технология жана илим талкуулана турган форумда космос тармагындагы акыркы жетишкендиктер да сөз болот.

Панелдерге Түркиянын ата мекендик унаасы TOGGдун улук менеджери (CEO) Гүржан Каракаш жана Түркиянын биринчи түрк астронавты Алпер Гезеравжы катышып, тажрыйбаларын бөлүшөт.

 



Тектеш кабарлар