Фидан Лавров жана Аль-Яхья менен жолукту

Тышкы иштер министрлигинин X социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасалды.

2109810
Фидан Лавров жана Аль-Яхья менен жолукту

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Антальяда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин X социалдык медиа баракчасындагы билдирүүгө караганда, министр Фидан 3-Анталья дипломатиялык форумунун алкагында орус кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту.

Жолугушууда Анкара-Москва карым-катнаштары, ошондой эле аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды.

Министрлер Израилдин Газадагы кыргындарын токтотуу үчүн ташталса боло турган кадамдарды сүйлөшүштү.

Жолугушууда Орусия-Украина согушундагы акыркы абалга да баа берилди.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Лавровго тараптар өздөрүн даяр сезгенде Түркиянын тынчтык үчүн колунан келгенин жасай турганы билдирилди.

Сергей Лавров да Түркиянын чечим табуу үчүн эң көп демилгени колго алганын баса белгиледи.

Хакан Фидан Кувейттин тышкы иштер министри Абдуллах Али аль-Яхья менен да жолукту.

Жолугушууда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жана эки тараптуу мамилелер ар тараптуу талкууланды.



Тектеш кабарлар