Жанет Йеллен Мехмет Шимшек жана Карахан менен жолугушту

Жолугушууда эки тараптуу карым  - катнаштардын мааниси баса белгиленди.

2108999
Жанет Йеллен Мехмет Шимшек жана Карахан менен жолугушту

Америка Кошмо Штаттарынын казына министри Жанет Йеллен Чоң жыйырмалыктын жыйындарынын алкагында казына жана каржы министри Мехмет Шимшек, Түркия Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Фатих Карахан менен жолугушту.

Америка Кошмо Штаттарынын казына министрлигинен берилген маалыматка караганда Жанет Йеллен Бразилиянын Сан-Паулу шаарында өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын каржы министрлери жана Борбордук банктын башкаруучуларынын жыйынынын алкагында Шимшек жана Карахан менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу карым  - катнаштардын мааниси баса белгиленип, терроризмдин  каржылоочусу менен күрөшүү жана ушунун негизинде санкциялардын ишке ашырылышы да болгон маанилүү аймактык маселелерди чечүү үчүн Түркия менен АКШнын бирдикте кандай иштерди жүргүзө алары талкууланды.

Йеллен Х эсебинен берген билдирүүсүндө : «Түркия жана АКШнын маанилүү аймактык маселелерди чечүү үчүн министр Мехмет Шимшек менен сүйлөштүм. Эки тараптуу карым – катнаштарыбыздын маанисине басым жасадым»,- деди.



Тектеш кабарлар