Министр Фидан Атальяда жолугушууларды өткөрдү

1-3-мартта өтө турган 3-Анталья дипломатиялык форумунун алдында жолугушууларды өткөрүүдө.

2109325
Министр Фидан Атальяда жолугушууларды өткөрдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан 1-3-мартта өтө турган 3-Анталья дипломатиялык форумунун алдында Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен Антальяда жолугушту.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, министр Фидан 3-Анталья дипломатиялык форумунун алдында казак кесиптеши Нуртлеу менен жолугушту.

Эки тараптуу саясий мамилелер талкууланган жолугушууда, коргоо өнөр жайы, билим берүү жана маданият тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн таштала турган кадамдарга баа берилгени билдирилди.

Эки өлкөнүн ортосундагы 10 миллиард долларлык соода көлөмүнүн өткөн жылы белгиленген пландан ашкандыгы эске салынып, тараптардын андан кийинки соода, энергетика жана транспорт тармагындагы долбоорлорду карап чыккандары айтылды.

Жолугушууда тараптардын аймактык маселелерди ар тараптуу талкуулашканына көңүл бурулуп, Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) алкагында мындан аркы кызматташуу багыттарынын күн тартибине коюлганы кабарланды.

Ала арада дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, министр Фидан ливандык кесиптеши Абдуллах Бухабиб менен да жолугушту.

Эки өлкөнүн карым-катнаштары талкууланган жолугушууда Газадагы акыркы абалдар ар тараптуу каралып, ал жердеги кырдаалдын аймактын коопсуздугу жана ырааттуулугуна тийгизген таасири тууралуу сөз болду.

Фидан Ирактын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Фуад Хусейн менен да жолугушту.

Гамбиянын тышкы иштер министри Мамаду Тангара менен да жолуккан Фидан, Түркиянын Африкадагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири болгон Гамбия менен эки тараптуу карым- катнаштарынын бардык тармактарда өнүгүшүнө ыраазы экенин билдирди.

Эки өлкө аскердик, экономикалык жана маданий алакаларды өнүктүрүү темасында макулдашты.

Жолугушууда эки тараптуу сооданы өнүктүрүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар менен бирге Израилдин Газага кол салууларынын себебинен келип чыккан Газадагы абал да талкууланды.



Тектеш кабарлар