Эл аралык Адилеттик Сотунда сөз кезеги Түркияга келди

Болжол менен 30 мүнөткө созула турган баяндамада Түркиянын Палестинага берген колдоосу эл аралык коомчулуктун алдында дагы бир жолу айтылат.

2107445
Эл аралык Адилеттик Сотунда сөз кезеги Түркияга келди

Нидерландиянын Гаага шаарында Израиль соттолуп жаткан Эл аралык Адилеттик Сотунда сөз кезеги Түркияга келди.

Тышкы иштер министринин орун басары, элчи Ахмет Йылдыз Израилдин Палестинаны басып алуу жана аннексиялоо иштерине байланыштуу бүгүн Эл аралык Адилеттик Сотунун имаратында оозеки баяндама жасайт.

Болжол менен 30 мүнөткө созула турган баяндамада Түркиянын Палестинага берген колдоосу эл аралык коомчулуктун алдында дагы бир жолу айтылат.

Түркия Израилдин 1967-жылдан бери Палестина аймагындагы мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу маалымат жана тыянактарды Сот менен бөлүшөт.

47 өлкө өткөн аптада Эл аралык Адилеттик Сотунда оозеки билдирүү жасашты.

Угуунун акыркы күнүндө Түркия да болгон 5 өлкө жана 3 эл аралык уюм өз пикирлерин билдиришет.

Эл аралык соттун чечими юридикалык жактан милдеттүү эмес, бирок Израилге басымдын күчөшү күтүлүүдө.

7-октябрдан бери Газа тилкесинде катуу кол салууларды жүргүзүп жаткан Израиль 30 миңге жакын палестиналыктын өлүмүнө себеп болду.



Тектеш кабарлар