Никола Мадуро өлкөсүнө барган хакан Фидан менен өткөргөн жолугушууну мыкты деп мүнөздөдү

Венесуэланын борбор шаары Каракаста президенттик сарай Мирафлоресте өткөн жолугушууга Венесуэланын Тышкы иштер министри  Иван Гил жана Түркиянын Каракс элчиси Айдан Караманоглу да катышты.

2106795
Никола Мадуро өлкөсүнө барган хакан Фидан менен өткөргөн жолугушууну мыкты деп мүнөздөдү
fidan-gil.jpg
fidan-maduro.jpg

Венесуэланын президенти Никола Мадуро өлкөсүнө барган Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен өткөргөн жолугушууну "мыкты" деп мүнөздөдү.

Мадуро социалдык медиа эсеби Хтен министр Хакан Фидан менен өткөргөн жолугушуунун фотографиясын да бөлүшүп : "Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен мыкты жыйын өткөрдүк. Боордош эл Түркия менен тыгыз иш күн тартиби, конкреттүү келишимдер жана укуктарыбыздын өнүгүшү үчүн ийгиликтер менен толгон күчтүү достукту бекемдеп жатабыз. Бул жолду бирдикте улантабыз",- деп баа берди. 

Борбор шаар Каракаста президенттик сарай Мирафлоресте өткөн жолугушууга Венесуэланын Тышкы иштер министри  Иван Гил жана Түркиянын Каракс элчиси Айдан Караманоглу да катышты. 

Венесуэланын Тышкы иштер министри Гил да министр Фидандын учактан түшүп жаткан учурдагы   сүрөттөрүн  X социалдык медиа эсебинен  бөлүшүп : "Латын Америка жана Кариб өлкөлөрүнө карата биринчи сапарын аткарган Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фиданды чын жүрөктөн тосуп алдык. Сапарыңыз  эки тараптуу күн тартиби жана учурдагы эл аралык кырдаалды карап чыгуу жагынан чоң мааниге ээ",- деди. 

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы берген билдирүүдө Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен президент Николас Мадуронун Каракас менен Анкаранын достугун ырастап, эки өлкөнүн ортосунда жылдар бою сакталып келе жаткан «жакшы» карым-катнаштарга көңүл бурушканы айтылды.

Түркия менен Венесуэланын ортосунда түрдүү тармактарда  40тан ашуун кызматташуу келишимдин түзүлгөндүгү белгиленген билдирүүдө жакынкы убакта Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактардын да Венесуэлага баргандыгы эске салынды. 

 



Тектеш кабарлар