ИКУнун маалымат министрлеринин жыйыны Стамбулда өтөт
Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда жыйында Израилдин 7-октябрдан бери басып алган Палестина аймактарында журналисттерге кол салуулары жана дүйнө коомчулугуна каршы жалган маалымат таратуу иштери талкуулана
Ислам Кызматташтык Уюмунун маалымат министрлеринин кезексиз жыйыны бүгүн Стамбулда «Палестина» күн тартиби менен өтөт.
Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда жыйында Израилдин 7-октябрдан бери басып алган Палестина аймактарында журналисттерге кол салуулары жана дүйнө коомчулугуна каршы жалган маалымат таратуу иштери талкууланат.
Ислам Кызмтташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маалымат министрлери байланыш жана медиадан жооптуу мекеме жетекчилери катыша турган жыйынды ИКУнун маалымат министрлеринин кезектешкен башкаруучулугун аткарган Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун менен ИКУнун баш катчысы Хүсейин Ибрахим Таха ачат.
Жыйында Газада сарандар менен бирге 130 журналисттин өлүмүнө себеп болгон Израиль башкаруусунун кол салулуары менен дүйнөлүк коомчулукту жаңылткан, жалган кабар таратуу иштери кенен каралат.
Жыйынга катышкан өлкөлөр тарабынан кабыл алына турган акыркы билдирүү жыйындын акырында коомчулук менен бөлүшүлөт.
Бул жыйын Ислам Кызматташтык Уюмунун тарыхындагы сектордук базада өткөрүлгөн биринчи кезексиз жыйын мүнөзүндө.
Ислам Кызматташтык Уюмунун маалымат министрлеринин конференциясынын кезектешкен башкаруучулугу 2022 - жылы Сауд Арабиядан Түркияга өткөрүлдү.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.