Нуман Куртулмуштун Бакудагы жолугушуулары уланууда

Кызматташтыктын ар  тармакта, өзгөчө коргонуу өнөр жайы жана экономикада уланып жатканын белгилеген Куртулмуш биргелешкен долбоорлордун кыска убакытта ишке ашырылышы аймакка дем берерин айтты.

2106672
Нуман Куртулмуштун Бакудагы жолугушуулары уланууда

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Азия Парламенттик Ассамблеясынын 14 - жыйынынын алкагында  барган Азербайжандын борбор шаары Бакуда жолугушууларын улантууда. Нуман Куртулмуш Азербайжандын премьер-министри Али Асадов менен жолугушту. Премьер-министрликтин имаратында өткөрүлгөн жолугушууда Куртулмуш Азербайжан Улуттук Парламентине ар кандай колдоону уланта тургандарын баса белгиледи.

Кызматташтыктын ар  тармакта, өзгөчө коргонуу өнөр жайы жана экономикада уланып жатканын белгилеген Куртулмуш биргелешкен долбоорлордун кыска убакытта ишке ашырылышы аймакка дем берерин айтты.

 

Куртулмуш Түркия менен Азербайжандын ортосундагы потенциалдын аймактык күчкө айланышы керектигин да баса белгиледи.

Алдыдагы мезгилдеги эң маанилүү теманын Зеңгезур коридорунун ачылышы экенин белгилеген Куртулмуш, коридордун ачылышы менен аймактагы өлкөлөр менен соода карым-катнаштарынын күчтөнөрүн да белгиледи.

Азербайжандын премьер-министри Асадов да Түркия-Азербайжан университетинин курулушунун эки тараптуу карым-катнаштардын өнүгүшүнө салым кошо турганына ишенгендерин баса белгиледи.

Парламенттер ортосундагы карым - катнаштарга маани бергендерин белгилеген Асадов, достук топторунун өз ара иштешүүсүнүн оң жылыштарга салым кошо турганын айтты.

 



Тектеш кабарлар