Улуттук коргоо министрлиги террор менен күрөшүүгө байланыштуу маалымат берди

Акыркы бир жумада чек ара операцияларында 60 террорист жок кылынды.

2106092
Улуттук коргоо министрлиги террор менен күрөшүүгө байланыштуу маалымат берди

Акыркы бир жумада чек ара операцияларында 60 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлиги террор менен күрөшүүгө байланыштуу маалымат берди. 

Маалыматка караганда Ирак жана Сириянын түндүгүндө жүргүзүлгөн операцияларда акыркы бир жумада  60 террорист жок кылынды.

Ушундайча 1 -  январдан бери жалпы  жок кылынган террорист саны  458ге жетти. Алардын  184тү Иракта, 274тү Сириянын түндүгүндө жок кылынды. 

Ирактын түндүгүндө  2022 -  жылы  20 -  ноябрда башталган "Чеңгел  -  Кулпу" операциясында да ушул күнгө чейин  824 террорист жок кылынды. 

Сирияда туруктуулуктун эртерээк  түзүлүшү, сириялыктардын коопсуз жерлерге кайтуусу  жана нормалдашуунун түзүлүшүнө карата иштер да улантылууда. 

Акыркы жумада чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 201 адам кармалды.

Ушундайча  1 - январдан тарта чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандардын саны 1347ге жетти.

 

 



Тектеш кабарлар