Армян дооматтарын жок кылган китеп даярдалды

Америка Кошмо Штаттарында  иш алып барган Түркия  -  Америка Коопсуздук фонду аттуу түрк жарандык коомдук мекемеси 1915 – жылдагы окуяларга байланыштуу армян дооматтарына жооп мүнөзүндөгү китеп даярдалды.

2106068
Армян дооматтарын жок кылган китеп даярдалды
ermeni iddialarına cevap.jpg
ermeni iddialarına cevap.jpg

Америка Кошмо Штаттарында  иш алып барган Түркия  -  Америка Коопсуздук фонду аттуу түрк жарандык коомдук мекемеси 1915 – жылдагы окуяларга байланыштуу армян дооматтарына жооп мүнөзүндөгү китеп даярдалды.   

Түркия  -  Америка Коопсуздук фондунун негиздөөчү төрагасы Фатих Өзонур басма сөзгө берген билдирүүсүндө : « «Жалган армян геноциди тууралуу чындык» аттуу китеп чыгаруунун кубанычын жашап жатабыз»,- деди.

Өзонур эмгегинде АКШда бул тууралуу  12 башка тарыхчы жана илимпоз менен армян дооматтарына жооп боло турган маектердин орун алгандыгын айтты.

Биринчи этапта окурмандарга китептин санариптик басылышынын сунуш кылынгандыгын белгилеген Өзонур жакынкы мезгилде онлайн  сатуунун платформасы Амазондо да  башталарын билдирди.

Китептин бир гана максаты «Тарыхый негизи болбогон армян геноциди дооматтарын көптөгөн жылдар жалган документтер менен АКШнын борбор шаары Вашингтондо кабыл алуу үчүн иштеген армян лоббисине жооп берүү» экендиги белгиленди.

Англис тилинде даярдалган китептин мүмкүн болгон эң кыска убакытта түрк тилинде, Азербайжан түркчөсү, французча, немисче, грекче жана армян тилинде чыгаруу үчүн даярдыктардын пландалгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар