Татарстандан келген делегация Измирде...

Измир Соода палатасынын (ИзСП) билдирүүсүнө караганда, Орусия Федерациясы Татарстан Республикасынын Соода жана өнөр жай палатасына мүчө 13 фирманын катышуусунда иш жолугушуулары өткөрүлдү.

2104787
Татарстандан келген делегация Измирде...

Татарстандан келген делегация Измирде ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү.

Измир Соода палатасынын (ИзСП) билдирүүсүнө караганда, Орусия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Соода жана өнөр жай палатасына мүчө 13 фирманын катышуусунда иш жолугушуулары өткөрүлдү.

ИзСП директорлор кеңешинин төрагасы Махмут Өзгенер Түркия менен Татарстандын ортосундагы соода көлөмүнүн өсүү тенденциясы бар экенин, эки тараптын тең бул карым-катнаштарды өнүктүрүүгө жана диверсификациялоого чечкиндүү экенин айтты.

Өзгенер: «Кызматташтыгыбыз соода менен эле чектелбестен, энергетика, транспорт, курулуш жана автомобиль сыяктуу көптөгөн тармакта түрк инвестициясынын көбөйүшү менен күндөн-күнгө тереңдеп баратат»,-деп айтты.

Жыйында 200гө жакын түрк фирмасынын ар кайсы тармактан 13 татар фирмасы менен жолугушуу өткөргөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар