Албаниянын премьер - министри Эди Рама Түркияга келди

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, сапардын алкагында Түркия-Албания Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин биринчи жыйыны Эрдоган жана Раманын жетекчилигинде борбор шаар Анкарада өткөрүлөт.

2104592
Албаниянын премьер - министри Эди Рама Түркияга келди

Албаниянын премьер - министри Эди Рама президент Режеп Таййи  Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга расмий сапар менен келди.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, сапардын алкагында Түркия-Албания Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин биринчи жыйыны Эрдоган жана Раманын жетекчилигинде борбор шаар Анкарада өткөрүлөт.

Кеңештин жыйынында Түркия   - Албания карым - катнаштарынын бардык аспектилери каралып, эки тараптуу кызматташтыкты дагы да тереңдетүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланат.

НАТО шериктеши Албания менен болгон жолугушууларда тынчтык жана ырааттуулукту сактоо түшүнүгүнүн негизинде эки тараптуу карым-катнаштар менен бирге аймактык жана эл аралык окуялар, өзгөчө Балкан өлкөлөрү боюнча пикир алмашуу болот. Сапардын алкагында Түркия-Албания карым – катнаштарына чоң салым кошо турган түрдүү мыйзам тексттерине кол коюу пландалууда.



Тектеш кабарлар