Эрдоган: «Аймакта туруктуу тынчтык үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк терезеси ачылды»

Эрдоган, 7-февралда өлкөсүндө өткөрүлгөн президенттик шайлоодон кийин алгачкы расмий иш сапары менен Түркияга келген Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

2104487
Эрдоган:  «Аймакта туруктуу тынчтык үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк терезеси ачылды»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Карабактагы оккупациянын бүтүшү менен биздин аймакта туруктуу тынчтык үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк терезеси ачылды»,- деди.

Эрдоган, 7-февралда өлкөсүндө өткөрүлгөн президенттик шайлоодон кийин алгачкы расмий иш сапары менен Түркияга келген Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «(Түркия-Азербайжан) Жалпы соода көлөмүбүз өткөн жылы биринчи жолу 7,5 миллиард долларга жетти. 15 миллиард долларлык максатка жетүү үчүн аракетибизди арттырабыз»,-деди.

Президент Эрдоган, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ПАСЕ) жыйындарына Азербайжан делегациясынын катышуусуна тоскоол болгондугуна байланыштуу: «Чечимди жокко чыгарганга чейин Азербайжанды колдообузду жана демилгебизди улантабыз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Карабахтагы оккупациянын бүтүшү менен аймагыбызда туруктуу тынчтык үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк терезеси ачылды. Бул мүмкүнчүлүк терезесинин жабылбашы абдан маанилүү»,-деп өз баасын берди.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түркиянын бүгүн дүйнөдө сөзү өткөн өлкө экенин белгилеп: «Азербайжан жалгыз эмес, Түркия Азербайжандын жанында. Азербайжан эли Түркиянын боордоштук колдоосун эч качан унутпайт. Түркия бүгүнкү күндө дүйнөдө сөзү өткөн өлкө. Ал тынчтыктын кепили. Карабахта тарыхый маселебизди чечтик»,-деди.

Алиев: «Түркия-Азербайжан ынтымагы бир гана аймак үчүн эмес, Евразия үчүн да маанилүү. Түрк дүйнөсүнүн биригиши жана орток маданиятка ээ элдердин жанаша жашоосу Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө ар бир өлкөнүн күчүнө күч кошот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар